“Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн акча кандай бөлүштүрүлөөрү тактала элек

1098

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражат мамлекеттик органдар ортосунда кандай бөлүштүрүлөөрү тактала элек. Учурда бул боюнча документке өкмөт өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Келишимге ылайык, ар бир айып пулдан долбоорду ишке ашырып жаткан Вега компаниясы 211 сом алат. Ал эми калган акча Бишкек мэриясы, Ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук комитетине бөлүштүрүлүп, бюджетке дагы бир бөлүгү которулат.

Буга чейин муниципалитетке 30, Ички иштер министрлигине 20, УКМКга 5% берилээри айтылып келген. Бирок азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.