«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражат кандайча бөлүштүрүлөт?

1265

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн киреше аткарган компаниядан тышкары Бишкек мэриясы, УКМК жана Ички иштер министрликтеринин ортосунда бөлүштүрүлөт. Өкмөткө бул боюнча документ сунушталды. Ага ылайык «Вега» концерни ар бир айып пулдан 211 сомдон алат.

Алсак, айдоочу 1000 сом штраф төлөсө, анын 789 сому 3 мекемеге бөлүштүрүлөт. Тагыраак айтканда, Бишкек мэриясы 30 %, Ички иштер министрлиги 20 %, Улуттук коопсуздук комитети 5 % алат.

Ал эми калган 24 % республикалык бюджетке түшөт экен. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, борбор каладаа «Коопсуз шаар» долбоору 90 күндөн кийин ишке кирет деп ишендирүүдө.

Ал эми 2019-жылдын аягына чейин өлкөнүн баардык аймагына жол эрежесин бузгандарды каттаган видеокамералар орнотулат деп пландалууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.