«Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашышына ким бут тосууда? (видео)

986

Үстүбүздөгү жылы 8 айдын ичинде — 4000ге чукул жол кырсыктары катталып, 500дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Ал эми 6 миңге чукул адам жараат алып, айрымдары өмүр бою майып болуп калышты. Мындай кырсыктар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен улам байма-бай катталууда, дешет эксперттер. Эгерде «Коопсуз шаар» долбоору убагында ишке ашканда, айдоочулар бир аз сестенип, жол кырсыктары азаймак. Бирок айрым аткаминерлердин жеке кызыкчылыгын жалпы элдин коопсуздугунан жогору койгону — аны ишке ашырууга тоскоол болуп келет, дешет адистер.