«Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты

837

«Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Жакында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо үчүн сынак жарыялана турган болду. Тендерге катышкан компаниялардан кепилдик төлөмүн 10 миллион долларга чейин көбөйтүү сунушталууда. Эгерде жеңүүчү компания коюлган шарттарды аткарбаса, анда алар алдын ала төлөгөн акча кайтарылбайт. Мамлекеттик бюджетке которулат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы билдиргендей, долбоордун биринчи этабында Бишкектин 38 көчө кесилишинде жана жол кыймылы көп 52 жерде камераларды орнотуу, ошондой эле 20 көчмө комплексин жабдуу пландалууда.