«Коопсуз шаар»: Эки аптада төлөнгөн айыптын 50% кемитилет

704

Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулун эки жумада төлөсө 50 пайызы кемитилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Айып банк жана «Кыргыз почтасы» аркылуу төлөнөт.

Абылгазиев долбоордун ишке кирген күндөн тарта бир жума өткөнүн белгиледи. Бул убакыттын ичинде 9 миң 700 эреже бузуу катталган.

Өкмөт башчы белгилегендей, аны менен катар бир нече көйгөй жаралды. Эң негизгилери: жол тыгын, мамлекеттик номурларга байланыштуу эреже бузуулар (жасалма, жашыруун ж.б), жол чырактардын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, жол белгилери жана стоп линиялар.

Эске салсак, 12-февралдан тарта Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Анын алкагында жол эрежесинин бузулушун каттаган камералар борбор калаанын 10 көчөсүнүн кесилишине коюлган. Жакын арада дагы 38 көчөлөрдүн кесилишинде орнотулмакчы.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.