Коопсуз шаар: Эреже бузган 955 айдоочуга айып салынат

926

Жол эрежесин бузган миңге жакын айдоочуга алгачкы маалымдама каттар жибериле баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин мониторинг борборунун инспекторлору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 955 айдоочуга эреже бузганы үчүн айып салды.

Ага ылайык, эреже бузууларды каттаган камералардагы маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» ишканасынын маалыматтык борборуна келет. Ал жерден автоунаа, жарандын жеке жана жашаган жери боюнча маалыматтар менен салыштырылат. Тиешелүү протоколго кол коюлат. Андан кийин каттар басылып чыгарылып, конверттерге салынып, автоунаа ээлеринин даректерине жеткирилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.