«Коопсуз шаар»: Эреже бузган жөө адамдардан дагы айып акча алынат

733

Бишкекте инспекторлор жолду туура эмес жерлерден кесип өткөн жөө адамдарга 1000 сомдон айып пул салат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Рысканов билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн инспекторлор планшеттерди колдонуп, жарандын тек-жайын жеринде аныкташат. Учурда мунун механизми дээрлик иштелип бүттү.

12-февралда Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулду.

Камералар эреже бузуулардын жети түрүн каттайт.

Жалпысынан долбоор 4 этапка бөлүнгөн. Анын алкагында Бишкектин 38 көчөсүнүн кесилишине камераларды, 4 стационардык аппараттык-программалык комлексти, ошондой эле Чүй облусу боюнча 48 стационардык аппараттык-программалык комлекс жана 20 көчмө аппараттык-программалык комлекс орнотуу каралган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.