«Коопсуз шаар»: Эреже бузууларды базадан өчүрткөндөр болгонбу? (видео)

2192

«Коопсуз шаар» ишке кирсе дагы, тааныш-билиши бар айдоочулар жол эрежесин бузган үчүн айып төлөбөй жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришүүдө.

Эл өкүлдөрү учурда ички иштер министрлиги, УКМК сыяктуу мекемелердин кызматкерлери эреже бузуп, видео-көзөмөл камерага түшкөнүнө карабастан, тааныштарын ортого салып, базадан өчүртүп салып жатканын айтышууда. Бирок мониторинг борборунун жетекчилиги мындай дооматтарды четке кагып, жол эрежесин бузган бардык тараптарга тиешелүү айыптар салынаарын билдирди.