Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузган 4 673 айдоочуга протокол жөнөтүлдү

889

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 8 күн ичинде жол эрежесин бузган 10 500 факты катталган. Анын 4 673 боюнча протоколдор унаа ээлерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Ал эми долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүү дагы эки аптага жылган. «Вега» концернинен билдиришкендей, экинчи баскычтын инженердик-техникалык долбоору Бишкек башкы архитектурасына 5-февралда жөнөтүлүп, бул мекеме байланыш линияларын жер алды менен өткөрүүнү сунуштаган.

Бирок мындай техникалык мүмкүнчүлүк жок болуп чыккан. Анткени кабелдер жер алды аркылуу өткөрүлсө, асфальттар талкаланып, тротуарлар жабыркап, бак-дарактарды кыюуга туура келет экен.

Мындан улам 26-февралда коммуникациялык линияларды жер үстүнөн өткөрүү чечими кабыл алынган. Мунун кесепетинен «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу 14 күнгө кечигүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 12-мартта Бишкектеги дагы 10 кесилиште видеокөзөмөл жабдыктары ишке кирээри убадаланган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.