Коопсуз шаар: Камера орнотулган жерлерде жол кырсыктары 50% азайды

1549

Коопсуз шаар долбоору ишке кирген убакыттан тарта штрафтан казынага 592 миллион сом түштү. Камера орнотулган жерлерде жол кырсыктары дээрлик 50 пайызга азайган. Бул көрсөткүч Бишкекте 42, Чүй областында 55 пайызды түзгөн.

Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын октябрь айында берген маалыматы боюнча, 9 айдын ичинде Кыргызстанда 5 миңге жакын жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 12 пайызга көбөйгөн.

Коопсуз шаар долбоорунун биринчи баскычын Россиялык «Вега» компаниясы ишке ашырган. Ал эми аталган долбоордун экинчи этабы боюнча тендер жарыяланып, анда Кытайлык компания жеңүүчү деп табылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.