Коопсуз шаар: камералар жолдогу 7 мыйзам бузуу учурун каттайт

865

Маалыматтык технология жана байланыш комитети “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта ишке ашарын жарыялады. Камералар  жолдогу жети мыйзам бузуу учурун каттайт:

Жол чырактын тыюу салган белгисинен өтүп кетүү

Каршы тилкеге өтүп кетүү

Автоунааны тротуар, газон, велосипед жолу менен айдап өтүү

Жол чырактын тыюу салган белгисине карабай, стоп-линияны кесип өтүү

Жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй коюу

Белгиленген ылдамдыктан ашып кетүү

Аялдама жана унаа токтотуу жайлары жөнүндөгү талаптарды аткарбай коюу.

Тартип бузуулар программалык комплекстердин жардамы менен жөнгө салынып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда иштелип чыгат.

2019-жылдын 12-февралынан тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы тесттик түрдө иштеп баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулат. Мындан тышкары жол белгилерин жаңылоо иштери да жүрүүдө.

Долбоор төрт фазадан турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания аны 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон.

Бул каражатты «Вега» компаниясы чыгарып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.