«Коопсуз шаар» камераларын аткылап кеткендер изделүүдө (видео)

607

«Коопсуз шаар» долбоорунун камераларынын жанына кошумча видеокөзөмөл жабдыктары орнотулат. Россиялык «Вега» ишканасынын камераларына экинчи жолу ок атылгандан кийин, ишкана тарабынан ушундай чечим кабыл алынган. Ал арада аталган долбоордун камерасын аткылап кеткендер изделүүдө.

Бул окуяны Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси жеке көзөмөлүнө алды. Эске салсак, ушуну менен «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл жабдыктарына экинчи жолу ок атылууда. Бирок шектүүлөр азырынча колго түшүрүлө элек.