«Коопсуз шаар»: почтачылар кат ташып жетишеби? (видео)

774

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында “Кыргыз почтасына” кошумча кызматкерлер алынышы мүмкүн. Анткени жол эрежесин бузган айдоочуларга билдирмелер келе баштаганда иш көбөйөт. Ага жараша кошумча күч талап кылынат.

Учурда Бишкек шаары боюнча 60 почта бөлүмү бар. Анда 300 жакын кызматкер эмгектенет. Ал эми өлкөдө калкты 4 миңге жакын кызматкер тейлейт. «Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында миңден ашык жумушчу атайын окуудан өткөрүлгөн.