“Коопсуз шаар”. Сот даттануулар боюнча комиссиянын чечимин жокко чыгарды

777

Даттануулар боюнча көз карандысыз комиссия сентябрдын аягында “Вега” компаниясы тендерди жеңди деген Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Эми сотто утулган тарап 30 күндүн ичинде даттанууга укугу бар.

Буга чейин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн аукциондун экинчи катышуучусу – “Вега” компаниясынын акыркы 3 жылда жол эрежелеринин бузулушун фото жана видео тасмага алуу боюнча тажрыйбасы болгонунан күмөн санаган.

Бул боюнча даттануу көз карандысыз комиссияга түшүп, ал сынактык комиссиянын чечимин биротоле жокко чыгарган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.