“Коопсуз шаарды” россиялык ишкана ишке ашырабы? (видео)

755

Россиялык ишкана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырышы мүмкүн. Аталган компания кечээ күнү онлайн-аукциондон эң аз баа сунуштап, башкалардан алдыга чыкты. Баштапкы баа 2,5 миллиард деп көсөтүлсө, россиялык «Вега» анын тең жарым баасына фото-видео байкоо камераларын орното алаарын билдирди. Бирок аталган ишкананы азырынча тендерден утту деп айтууга болбойт. Учурда сынактын комиссиясы компаниялардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн текшерүүдө.

Эскерте кетсек, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн «Коопсуз шаар» долбоору бир нече жылдан бери ишке ашпай келет. Буга чейин муну менен Ички иштер министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы, Мамлекеттик каттоо кызматы, «Кыргыз телеком» ишканасы да алектенип көргөн. Бул жолу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети иш алып барууда.