Кооптуу көчө кесилиши (видео)

628

Бишкек шаарындагы Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кезектеги жол кырсыгы катталып, машина жол боюндагы үйдүн дубалын сүзүп барып токтоду. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Муну менен 2 жума ичинде ал жерде төртүнчү жолу үйдүн тосмосу талкаланды. Өткөн аптада эле жалгыз жашаган пенсионердин үйүнүн дубалын эки жолу унаа сүзгөн.

Өз өмүрүнө кооптонгон жергиликтүү жашоочулар мэриядан светофор орнотуп берүүнү көп жолу суранганы менен, ал өтүнүчкө оң жооп берилбей келет. Акыркы кырсыктан кийин гана шаар жетекчилиги Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде светофор орнотмой болду.