Көп балалуу энени түйшөлткөн көйгөй (видео)

726

Энелер — жашоо башаты. Алардын балага болгон сүйүүсү, мээрими, камкордугу чексиз. НТС телеканалы Энелер күнүнө карата апалар тууралу сюжеттердин түрмөгүн улантат. Бүгүнкү каарманыбыз 34-жаштагы, 6 баланын апасы Элизат Маамткеримова.

Көп балалуу эненин күнү балдарына кам көрүү менен өтөт экен. Учурда үй-бүлөнүн түйшөлткөн көйгөйү бар. Алардын экинчи чүрпөсү тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөндүктөн, ага операция жасалышы керек. Андыктан жаш эне баласына операция жасатып, калган балдарына татыктуу тарбия берүүнү тилеп отурат.