Көп күмөн жараткан акыркы шайлоо протоколу (видео)

2267

Айрым партиялар кол санакты кайра жүргүзүү үчүн тиешелүү өкүлдөрүн дайындап койгону маалым болду. Саясий бирикмелер БШКнын өкүлдөрү менен биргеликте күмөн жараткан кайсы бир участкалык тилкеге барып, автоматтык эсептөөчү урнадан чыккан тиешелүү чекти, протоколду жана бюллетендерди кайра баштан текшерүүнү көздөшүүдө.

Баарынан кызыгы ушундай эле талапты алдын ала жыйынтык менен жеңип чыкты делген партиялар да коюшту. Алардын да кээ бир тилкелердин жыйынтыктарына ичи чыкпай жатыптыр. Ошол эле убакта, 3 күндөн бери 1 шайлоо участкасынан тиешелүү протоколдун келбей жатканы да көптөгөн күмөн пикирлерди жаратууда.