Көп жылдан бери суу азабын тарткан тургундар (видео)

747

Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Беш-Күнгөй айылында таза суу маселеси курч турат. Бул жакта суу маал-маалы менен гана берилгендиктен, куюп алганга жетишпей калгандар булакка жөнөгөнгө аргасыз.

Ал эми анын жанындагы дачада таптакыр суу жок. Бул жер дача деп аталганы менен эл көп жылдан бери эле кышы-жайы жашап, салыктын баардык түрүн төлөп келишет. Алар көйгөйү тууралуу тиешелүү мекемелердин баарына кайрылып отуруп тажап деле бүтүшкөн. Эми айылдыктар аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында таза суу маселеси чечилип калаар деп үмүттөнүүдө.