Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке С.Жапаровдун талапкерлигин бекитти

4339

Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чогулуп, өкмөт маселесин карап жатышат. Алгач парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин, өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын бекитти.

Бул чечимин коалиция парламенттин жалпы жыйынына сунуш кылды. Парламент төрагасы Канатбек Исаев жыйынга 83 депутат катышып жатканын, дагы сегизи ишеним катын жазып бергенин маалымдады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө 5-октябрдан тартып нааразылык иш-чаралары башталып, саясий кризис курчуган. Парламенттин детутаттар тобу 6-октябрга караган түнү абактан бошонуп чыккан мурдагы депутат Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка тандаганын эки жолку чукул жыйынында жарыялаган. Бирок отурумда кворумга жетишилбеген шартта кабыл алынган бул чечимдер оппозициянын, президенттин жана айрым депутаттардын арасында күмөн жараткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.