Көпчүлүк коалиция вице-премьерликке Мадумаровдун талапкерлигин колдоду

4224

Вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлиги сунушталды. Бул маселе Жогорку Кеңеште көпчүлүктүн коалициясынын жыйында каралды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны депутаттарга тааныштырып, өзү жасаган чакан баяндамада Акрам Мадумаров Кыргыстан-Тажикстан чек ара маселесин жакшы билгени үчүн алып келип жатканын билдирди.

Көпчүлүктүн коалициясына кирген фракция өкүлдөрү талапкерге карата эч кандай суроо узатышкан жок. Бир ооздон анын талапкерлигин колдоп беришти. Акрам Мудумаров буга чейин Баткен областынын губернатору болуп иштеп келген. Ага чейин Мамлеттик кадр кызматын жетектечү.

Эске салсак, өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 22-январда Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтка барганда мугалимдерди галстуксуз жүргөнү үчүн зекиген. Аткаминердин мындай мамилеси коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.