Көпчүлүк жумуш орундарды роботтор ээлеп, адамдар ишсиз калабы?

994

Жумуш орундарын эми роботтор ээлеп калабы? Бул маселе боюнча Бишкекте атайын форум болуп өттү. Болжолдуу түрдө Кыргызстанда эмгектин роботтошуусу 20 жылдан кийин башталуусу мүмкүн. Анын натыйжасында кайсы адистиктер жоюлуп кетет — азырынча белгисиз.

Форумдун жүрүшүндө, учурда жаштар тандап жаткан кесиптер эмгек рыногунда канчалык актуалдуу жана кайсы кесип ордуна роботтордун пайда болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги талкууланды.Чет элдик адистер билдиргендей, учурда эмгектин роботтошуусу тез ылдамдык менен жүрүүдө. Андыктан жакынкы жылдары жумуш орундардын көпчүлүгүн роботтор ээлеп, адамдар ишсиз калышы мүмкүн.