Көпчүлүктү үмүттөндүргөн «Жол картасына» кол коюлбай калды (видео)

689

Казакстан Кыргызстанды ЕАЭБдин бюджетине үч жыл ичинде бир миллиард долларга жакын зыян келтирди, деп айыптады. Коңшу өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кечээ күнү Ереван шаарында өткөн кеңешмеде билдирүү жасап, биздин Бажы кызматында контрабанда күч алганын айтты. Казакстан тараптын эсептөөсү боюнча Кытайдан Кыргызстанга болгон импорт боюнча эки өлкөнүн маалыматтарындагы айырмачылык жыл сайын 4 миллиард доллардан ашууда. Башкача айтканда, ушунча суммадагы акча кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатабы, деген суроо жаралат. Кошуналарга жооп кайтарган экономика министри Артем Новиков Казакстандын өзүндө дагы ушундай маселе бар экенин айтты. Мындай билдирүүлөрдөн кийин, эки өлкө ортосунда даярдалган жол картасына кол коюлбай калды.