Көпкөндүкпү же байкабастыкпы? (видео)

560

Бир аткаминердин жосунсуз жоругуна байланыштуу сындар токтой электе, экинчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча талкуулар башталды. Жакында эле депутаттык мандатын тапшырып, өкмөттүн курамына кошулган Айтмамат Назаровдун аймактарга болгон алгачкы иш сапары эл оозуна алынды. Бирок жумушу эмес, жүрүм-туруму.

Каракол шаарында өткөн энергетиктердин иш чарасында аткаминер жардамчысынын көмөгү менен жамгырдан корголоп турганы тартылган сүрөт тарады. Кол чатырды башка бирөөгө карматкандардын катарында Аймамат Назаров жалгыз эмес.