Кордайда өзгөчө режим сакталууда (видео)

869

Казакстандагы массалык башаламандыктан жабыркаган 5 жаран учурда Токмок шаардык ооруканасында жатат. Алардын абалы канааттандырарлык. Кошуна өлкөдө жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун саны 11ге жеткен. Учурда Казакстандын Жамбыл областына караштуу Масанчи, Аухатты жана Сартобе айылдарында абал турукташып жатат. Бирок өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады. Өлкө башчысы курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирек айыгып кетүүсүн каалады. Кыргызстан боордош казак элине оор мезгилдерде ар дайым жардам берип келгенин жана колдоо көрсөтүүнү улантаарын кошумчалады.