Кордолгон мугалимдерди ким коргойт? (видео)

4825

Сөгүнүп, мугалиминин жумуштан кетишине себепчи болгон окуучунун жоопкерчилиги Аламүдүн райондук өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясында каралат. Эгерде бала эжейине акарат келтиргени аныкталса, анда окуучунун ата-энесине айып салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ал ортодо өз эрки менен жумуштан кеткен мугалимди ордуна кайтарып келүү талабы менен жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Билим берүү министрлигинин алдына пикетке чыкты. Укук коргоочунун айтымында, жаңжалдын чоо-жайы калыс иликтенип, окуучу менен анын ата-энесинин жоопкерчилиги дагы каралышы зарыл. Ал мугалимдердин басмырланышына жол берилбеши керек деди.