Кореяда пластикалык операция жасатып келген аткаминер ким? (видео)

609

Чет өлкөгө иш сапары менен барып, бирок бетине пластикалык операция жасатып, кайра кайтып келген кызматкер кайсы министрликте иштейт? Депутат Аида Касымалиева ага жашыруун маалыматтар түшкөнүн, анда кайсы бир мамлекеттик мекемеде коомдук кеңешчи болуп иштеген айым — Түштүк Кореяга окууга чакырылып, бирок ал иш чарага катышпастан пластикалык операция жасатканы тууралуу айтылган. Ал айымды окутуунун акысын, жол кире чыгымын чакырган өлкөнүн уюмдары толугу менен төлөп беришкен.

Окууга кетип, бирок ал жакта жүзүн сулуулаган кызматкер Инчхон аэропортунда жаңжал салып, кызматынан алынган Зууракан Каденова менен бирге барган экен. Соңку окуялардан кийин дипломатиялык паспорту бар кызматкерлердин чет өлкөдөгү жүрүм-туруму боюнча сын-пикирлер күчөп жатат. Ал тургай мамлекеттик бюджеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөгө барып келген жетекчилердин аттары да айтыла баштады. Кызматынан пайдаланып саякаттап жүргөндөр кимдер?