Көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти

2488

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директорлугунан өз арызы менен кетти. Буга музейде аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган көргөзмө себеп болду. Бул иш-чарада кыздар жылаңач денесин көрсөтүп жүрүшкөн.

Буга нааразы болгондор Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында каршылык акциясына чыгышкан. Жарандык активисттер, министрлик көргөзмөнүн программасы менен алдын-ала таанышып, бул көрүнүшкө жол бербеши керек деген пикирлерин айтышты.

Маданият министри Азамат Жаманкулов бул көргөзмөнү өткөрүү боюнча музейдин директору алар менен макулдашпаганын билдирди. Айтымында, көргөзмөгө илинген ич кийимдер алынып, баары иретке келтирилген. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги бул маселени кароо боюнча комиссия түзүлүп, 2 күндөн бери бул иш иликтенген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.