Коркуп качып жүргөн мурдагы бажычы колго түштү (видео)

3084

Ош бажысынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов кармалып, бирок кайра кое берилди. Бул маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты. Мурдагы бажычы Эмилбек Кимсанов менен MMA боюнча дүйнө чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Афтандилди сабаган деп шектелүүдө.

Жабырлануучу аларга карата дооматынан баш тарткан менен, иликтөө иштери токтотулган эмес. Жакында эле Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулунун жакындары Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдиришкен.