Коронавирус: абалдан пайдаланып акча жасагандар (видео)

546

Дарыканаларда медициналык бет каптар калбай калууда. Баасы да 2 эсеге жогорулаган. Буга чейин аны 5 сомго сатып алууга мүмкүн болсо, азыр 10 сомго чейин көтөрүлгөн.

Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилиги фармацевтикалык компаниянын ээлерин чогултуп, бет каптын баасын жогорулатпоону сүйлөшүшкөн. Бирок иш жүзүндө дарыканаларда медициналык бет каптар менен препараттар ар кандай баада сатылып жатканы байкалууда.