Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

1652

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Учурда мыйзамсыз аракеттерге баргандардын тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатыптыр.

Алардын бири Бишкек шаарынын Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы тургуну болгон. Ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу «коронавирус өлкөгө келген, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жатат» деген жалган маалымат тараткан. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган экенин билип туруп маалымат таратуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ички иштер министрлиги жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Ошондой эле, мыйзамды билбеген жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганы да кошумчаланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.