Коронавирус илдетин алдын алуу максатында «Хоргос» базары жабылды

2493

Базардын иши 15-февралга чейин токтотулганы белгилүү болду. Маалыматтарга ылайык, бул Кытайда чыккан коронавирустун алдын алуу максатында көрүлгөн чара болуп саналат. Азыр ал жакта административдик борбор гана иштеп жатат. Ал эми кардарларды кабыл алуу токтотулду.

Кыргызстандык ишкерлер дагы бул базарга көп катташат. Аларды Бишкектен бир же эки күнгө алып барып келүү кызматын көрсөткөн компаниялар бар. Хоргос базарынын жабылышы менен шоп-турларды уюштурган ишканалардын жабыр тартып жатканы айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.