Коронавирус илдетине кабылгандардын саны 16га жетти (видео)

1410

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны өстү. Дагы 2 жаңы учур катталды. Бейтаптар Ош областынын Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары болуп чыкты. Экөө тең — Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып, 13-мартта өлкөгө учуп келишкен.

Ушуну менен, коронавирус илдетине кабылгандардын саны 16га жетти. Республикалык штаб берген маалымат боюнча, Жалал-Абад областтык ооруканасында жаткан 2 бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Алардын бирөө — 71 жаштагы эркек.