Коронавирус: Жогорку Кеңеште коопсуздук чаралары күчөтүлдү (видео)

1767

Коронавирус Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы кооптондурууда. Парламенттин жалпы жыйынында Дастан Бекешев коопсуздук маселесин көтөрүп чыкты.

Эл өкүлү жаңы типтеги вирус 112 өлкөгө жеткенин айтып, кесиптештеринин чет өлкөгө иш сапар менен баруусуна тыюу салууга чакырды. Аны колдогон төрага Дастан Жумабеков парламентке сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулганын билдирди.