Коронавирус: Жума намазга келгендердин санын азайтуу сунушталды (видео)

2648

Кыргызстанда болсо, коронавирустун алдын-алуу үчүн жума намазга келгендердин санын азайтуу сунушталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча Муфтият жана Дин иштери мамлекеттик комиссиясына кайрылды.

Бирок бул тууралуу көпчүлүк мечиттин имамдарына кабар жете элек экен. Бишкектин бир катар мечиттеринде жума намазга адаттагыдай эле көп киши чогулду. Ал эми кичи ажылыкка аттангандар сапарын токтотууга аргасыз болду.