Коронавирус: Кыргызстан чек арадагы көзөмөлдү күчөттү (видео)

911

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 80 адамга жетти. Ал эми 3000ге жакын адам бул илдетке чалдыкканы аныкталса, алардын 400дөйү оор абалда. Дагы 5000ден ашык адам вируска кабылышы мүмкүн делип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ал арада, Кыргызстандын чек араларында дагы сырттан келгендер күчөтүлгөн тартипте текшериле баштады.

Өткөрмө бекеттеринде адистер тепловизордун жардамы менен ар бир адамды карап жатышат. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев «Манас» аэропорту менен «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барып, абал менен жеринде таанышты.