Коронавирус: Кыргызстанда 90 адам карантинде (видео)

2981

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Учурда 90 адам коронавирус боюнча карантинде кармалып турат. Алар Кытайдан келгендер. Акыркы 2 жума ичинде Кыргызстанга кошуна өлкөдөн баш-аягы 634 адам өткөн. Басымдуу бөлүгү — өз үйлөрүндө.

Бирок дарыгерлердин кароосунан өтүп турушат. Адистердин айтымында, Кыргызстанда коронавирус илдети тараган жок. Бирок айрым ишкерлер Кытайдан келген жарандар карантинге алынбай эле жумушка киришип жатканын айтып чыгышты.