Коронавирус: Кыргызстанда той-аш өткөрүүгө тыюу салынды (видео)

1761

Коронавирус илдетин алдын алуу максатында өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жаңы эрежелер киргизилди. Ага ылайык, 3 жумага чейин чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө таптакыр тыюу салынат. Тиешелүү чечимди Республикалык штаб кабыл алды.

Ошондой эле, башка мамлекеттерден учуп келген кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 2 апталык обсервацияга же үй шартында карантинге алынмай болду. Мындан тышкары, той-топур өткөрүүгө тыюу салынды. Буга чейин бул сунуш иретинде гана айтылып келсе, бүгүнтөн тарта так аткарылууга тийиш. Талапты бузгандар мыйзам алдында жооп беришет.