Коронавирус: өлкөдө жыл башынан берки антирекорд катталды (видео)

2117

Коронавирус боюнча өлкөдө жыл башынан берки антирекорд катталды. Бир суткада 787 адамдан Ковид-19 аныкталып, 4 бейтап көз жумду. Эпид.кырдаалдын курчушунан улам Бишкек шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Эми кафе-ресторандар, түнкү клубдар жана эл көп чогулган коомдук жайлар 23.00го чейин гана иштей алышат.

Мэриянын маалыматына караганда мындай чечим эпидемиологиялык абал жакшыргыча уланат. Ал эми Республикалык штаб болсо, кырдаал өлкө боюнча оор экендигин билдирип, жарандарды “Кызыл зонага” кирген аймактарга барбай турууну сунуштоодо.