Коронавирус өлкөнүн бюджетин бөксөрттү (видео)

1758

Кытай менен чек ара жабылгандан бери бажы жана салык жыйымдары кескин төмөндөп кетти. Казынага түшпөй калган каражат 4 миллиард сомго чукулдады. Бул маалыматты Финансы министрлигинен билдиришти.

Эми мунун кесепети айлык, пенсия жана жөлөк пул ала тургандарга тийбеш үчүн жакынкы күндөрү өкмөт тарабынан антикризистик программа сунушталганы турат. Ага ылайык, кээ бир социалдык объектилердин курулушу убактылуу токтотулушу мүмкүн.