Коронавирус жугузуп алгандардын саны 44кө жетти (видео)

1525

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 44кө жетти. Дагы 2 жаңы учур катталганы маалым болду. Алар 35 жана 60 жаштагы эркек кишилер. Бирөө — Испаниядан келген жаранды аэропорттон тосуп алып, аны менен байланышта болгондон кийин ооруп калган. Ал эми илдетти жуктуруп кеткен адам Испанияга кетип калган.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлигине кабар жөнөтүлдү. Экинчи бейтап — Чүй областынын Москва районунун тургуну, илдетти Дубайдан жуктуруп, 20-мартта Кыргызстанга келген.