Коронавирус жуктурду делген кыргызстандыктын анализи таза чыкты (видео)

1194

Японияда коронавируска кабылды делген кыргызстандыктын анализи таза чыкты. Бул тууралуу аталган илдеттин алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штабдан билдиришти. Буга чейин аталган өлкөнүн Йокогама портунда токтоп турган лайнерде иштеп жүргөн мекендешибиз илдетти жуктуруп алганы айтылып жаткан.

Бирок аны кайра текшерип чыкканда, андан жаңы типтеги вирустун белгилери аныкталган эмес. Ал арада Кыргызстанда обсервацияда жаткандардын саны 298 кишиге жетсе, алардын көпчүлүгү Кытай жарандары. Тиешелүү министрлик өлкө аймагында коронавирус илдетине кабылгандар жок экенин билдирүүдө.