Коронавирус жуктурган адамдардын ичинен 6 адам реанимацияда жатат

1876

Бул тууралу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Ал билдиргендей, Ош шаарында реанимацияда үч адам жатат. Калган үч адам Нарын, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокат районунун ооруканаларында жатат.

Анын айтымында, Ноокат районундагы ооруканада 59 жаштагы эркек киши жатат. Анын абалы туруктуу оор. Ош шаарында 45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор. 1-апрелден тарта ал жасалма дем алуу аппараты аркылуу дем алууда. Ош шаарындагы ооруканада жаткан 60 жана 63 жаштагы эки аялдын абалы туруктуу оор. «Жалал-Абад шаарындагы 33 жаштагы эркек кишинин абалы туруктуу оор. Анда жакшы жылыштар бар. Бүгүн палатага которулат. Нарын шаарындагы 60 жаштагы аялдын абалы туруктуу оор» — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 6 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.