Коронавирус жуктургандардын саны эки эсе көбөйдү (видео)

1867

Коронавирус жуктургандардын саны бир суткада дээрлик эки эсе көбөйдү. Кечээ өлкө боюнча 147 адамдан оорунун белгилери табылса, бүгүн жаңы катталган учурлар 227ге жетти. Каза болгондор дагы бар. Кечээ алты киши, бүгүн 4 адам коронавирустан көз жумду. Дарыгерлердин айтымында, илдет жуктургандар үйүндө өз алдынча дарыланып, күчөп кеткенде гана ооруканага кайрылууда.

Мындан улам айрымдардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой жатат, дешет ак халатчандар. Бишкек жана Чүйдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатканына карабастан санитардык-карантиндик чаралар катталдаштырыла элек. Санитардык департамент мэриянын алдындагы атайын комиссияга кайрылып, той-аштарга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Бул боюнча 2-3 күн ичинде чечим кабыл алынышы мүмкүн.