Коронавируска байланыштуу Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар токтотулду

2202

Футбол боюнча Италия чемпиондугунун Жогорку лигасы коронавирус өлкөдө күч алып жаткандыгына байланыштуу 3-апрелге чейин токтотулду. Мындай чечимди аталган өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте кабыл алды. Италия чемпиондугу менен катар эле башка турнирлер да токтотула турганы маалым болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, Италия коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен Кытайдан кийин экинчи орунда турат. Бир сутка ичинде бул өлкөдө коркунучтуу илдеттен каза болгондордун саны 100гө чукулдаса, дагы 1807 адам вирусту жугузуп алган. Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда да оорунун алдын-алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Алсак, Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар, анын ичинде ат оюндары, Көк-Бөрү боюнча республикалык турнир өткөрүлбөй турган болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.