Коронавируска чалдыккан балдар үчүн 5 оорукана даярдалды (видео)

3954

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан балдар үчүн 5 оорукана даярдалды. Алардын үчөө — Бишкек шаарында, экөө — Ош областында жайгашып, ал жерде 2 миңден ашуун керебет дайындалган. Бул жаңы типтеги вирустун болжолдуу экинчи толкунуна карата көрүлүп жаткан даярдык. Бул жолу көбүнчө балдар илдетке кабылышы ыктымал экендиги айтылып келет.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция былтыркыга салыштырмалуу 26 пайызга көп болууда. Мунун кесепетинен Кавасаки жана пневмония оорулары пайда болушу мүмкүн, дешет медиктер.