Коронавируска чалдыккан бейтаптардын 48% ооруканадан чыгарылды

1767

COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48% ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйыны учурунда белгиленди. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди. Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 631 учуру катталды. Стационарда – 321 бейтап, алардын 5 жандандыруу бөлүмүндө жатышат. 8 адам каза болду. 302 адам оорудан айыкты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш. Жергиликтүү бийлик органдарына Новосибирсктен келген жарандар үй карантинине жайгаштырылган болсо, алардын жашоо шарттары менен дыкат таанышып чыгуу милдеттендирилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.