Коронавируска кабылган 3 адам менен кошо 135 киши учуп келген (видео)

2213

Коронавируска чалдыккан Сузак районунун 3 тургуну акыркы 6 күндүн ичинде эле 1200гө жакын адам менен, тактап айтканда, айылдаштары, туугандары менен жолугушкан. Айрымдары «ажы той» өткөрүүгө да жетишишкени маалым болду.

Ошондой эле, алар Сауд Арабиясынан алгач Бишкекке учуп келип, андан соң гана аймактарга кеткени белгиленүүдө. Ооруга чалдыккан 70, 62 жана 43 жаштагы тургундар обсервацияда кармалышууда. Алар менен чогуу бир учакта келген 135 кишинин баары такталып, карантинге алынды. Дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү.