Коронавируска кабылган 3 адам менен кошо 135 киши учуп келген

2341

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 3 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын чукул жыйынында кабарлады. Маалыматтарга караганда, жаңы типтеги вирус 12-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайткан Жалал-Абад областынын Сузак районунун 3 тургунунан аныкталды.

Бул өлкөдөн келгендер карантинге алына турган категорияда турбагандыктан алар үйлөрүндө эле болушкан. Эки күн мурда Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирус илдетин аныктаган. Ооруга чалдыккан 70, 62 жана 43 жаштагы тургундар обсервацияда кармалып турушат.

Ошондой эле, алар менен чогуу бир учакта учуп келген 135 кишинин 90 түнү менен аныкталып, алар да тиешелүү карантинге алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.