Коронавируска кабылган 3 адам менен кошо 144 адам учуп келгени тастыкталды

1866

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев журналисттерге брифинг берип жатып билдирди. Бирок илдет менен обсервацияда жаткан 3 кишиден тышкары, Жалал-Абад областынын Сузак районунун 3 тургуну коронавируска шектелип ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Министрдин айтымында, аларда вирустун клиникалык белгилери байкалууда. Бирок экөөнүн анализи азырынча таза чыкса, бирөөнүкү азырынча белгисиз болууда. Ошондой эле, жаңы типтеги вирус жуктуруп алгандар менен Сауд Арабиясынан келгендердин саны буга чейин 135 киши экени айтылып жатса, алар 144 адам болгону тастыкталган. Алардын ичинен экөө Өзбекстандын жарандары болуп, чыгып кетишкен. Тышкы иштер министрлиги аркылуу кошуна өлкөгө маалымат берилип, алардын баары жер-жерлерде обсервацияга жаткырылган.

Эске салсак, Сузак районунун 3 тургуну коронавируска кабылганы тууралуу маалымат расмий айтылган. Алар Умрадан кайтып келгенден кийин «ажы той» өткөрүп, 6 күндүн ичинде аймактагы 2 миңге жакын киши менен байланышта болгон. Бейтаптар катталган айылдарга карантин киргизилсе, Сузактын аймагына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.